Кыргыз сому КМШда жогорку позицияда бекемделген валюта болуп катталды
Новость http://kor.ill.in.ua

2016 - жылдын l кварталынын жыйынтыктары боюнча кыргыз сому КМШ ичинде эң жогорку позицияда бекемделген валюта болуп катталды. Украинадагы FOREX CLUB  аналитикалык борборунун изилдөөлөрүнө таянсак. АКШ валютасына карата кыргыз сому 7,8 пайыз, Орус рубли 7,2 пайыз кымбаттаган. 

Соңку айдан бери доллардын курсу сомго карата  арзандоонун гана үстүндө болуп жатат. Жайдын келиши менен туристтердин агымы арбыса, валюта базарында доллардын  көлөмү көбөйө түшөт. Ага байланыштуу АКШ валютасы мындан да ылдый күчүн жоготоору болжолдонууда. Даллардын курсу дүйнөлүк тенденцияга байланууда.  Анткени АКШнын валюталык камдык системасы каржылоосун  0,5 пайызга түшүргөн. POST1RIGHT

Жыл башынан бери сом туруктуу кармалууда. Расмий маалымат боюнча 2016- жылдын 29- мартына чейин кыргыз сому АКШ долларына карата 6,7 пайызга бекемделген. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Адбыгулов ага таасир берген ички фактор катары айыл чарба жумуштарынын жүрүшүндө сомго суроо талаптын күчтүү болуп жатышын атаган. Ал эми тышкы таасирлер болсо дүйнөлүк базарда мунайга  баанын көтөрүлүп калышы. Ошол эле учурда Борбордук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов кыргыз экономикасында жандануу бар экендигин белгилеген.

Белгилей кетсек жыл башынан бери АКШ долларына карата кыргыз сому 7,8, орус рубли 7,2 пайызга кымбаттаган. Ал эми тажик соманиси  12,6,  украин акчасы 9,2. белорус рубли 8,4 пайыз арзандаган.

Н. Молдокулова, "Биринчи радио"