Соңку айдан бери доллардын курсу сомго карата 6,7 пайыз арзандады. Доллардын арзандоосу дүйнөлүк тенденцияга да байланыштуу болуп жатат. Анткени АКШнын валюталык камдык системасы каржылоосун 0,5 пайызга түшүргөн. Бул доллардын арзандоосун шарттаган биринчи таасирлер экендигин өкмөттүн каржы жана акча кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы Азиз Алиев билдирди
Бугун мунайдын баасы дүйнөлүк биржада 1 баррели 39 долларга жакын баланууда. Азиз Алиевдин белгилешинче ага болгон баа мындай тенденция менен кетип олтурса, орус рубли, казак теңгеси күчүн бекемдейт, ал өз учурунда сомдун бекемделишин шарттайт.