Элдик ыңкылапка 6 жыл
Новость KTRK/videograp

7-апрелдеги ыңкылаптын баркын төмөндөтүүгө аракет кылгандар да бар. Бирок тарых ага жол бербейт. Мындай пикирди элдик революция күнүнө карата Бишкекте өткөн китеп-көргөзмөдө коомдук ишмер Жыпар Жекшеев билдирди.

POST1RIGHT

Белгилей кетсек, элдик ыңкылапка быйыл 6 жыл болот. Азыркы тапта окуяны эскерүү иш-чаралары өтүүдө. Маселен, элдик революция күнүнө карата Бишкекте өткөн “Эр жүрөк азаматтарга таазим” аттуу китеп-көргөзмөдө кандуу окуяны чагылдырган китептер, фотодокументтер, гезит-журналдагы макалалар коюлду.

Иш чарада өсүп келаткан муун болгон окуядан туура жыйынтык чыгара билүүсү зарыл экени айтылды. Дегеле жаштардын төңкөрүш тууралуу ой-пикири кандай? Альбина Сулайманова билип көрдү: