Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү
Новость president.kg

Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Мамлекет башчысына Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүү жана өлкөнүн аскерий кубатын күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, андан тышкары Кыргызстан аймагында кезектеги аскерий машыгууларга даярдык көрүү чаралары тууралу маалымат берилди. 

Президент Алмазбек Атамбаев жана кеңешменин катышуучулары Россия Федерациясы менен аскерий-техникалык кызматташтыктын алкагында өлкөгө заманбап аскер техникасы менен курал-жарактарды алып келүү маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы күч түзүм жетекчилерине өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн өнүктүрүү жана коргоо жөндөмүн арттыруу иштерин мындан ары жандантып жана күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.