Акыркы кездерде Жакынкы Чыгышты каптаган терроризм, экстремизм коркунучу Борбор Азия мамлекеттерине да жылып келиши мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Мындан эки ай мурун Ооганстан менен Тажикстандын чек араларына жакын жердеги жардыруулар, аймактагы соңку кырдаал буга далил болуп тургандай.
Бул арада Кыргызстандын атайын кызматтары 7 кишиден турган террористтердин тобун кармап, камакка алганын жарыялады. Адистер мындай шартта өлкөдө коопсуздук чараларынан сырткары, терроризмге каршы идеологиялык күрөштү күчөтүү зарылдыгын эскертип жатышат. Аны мамлекет кандай нукта жүргүзүшү керек? Кабарчыбыз Самат Асипов жооп издеди.