Мамлекеттик тарых музейи көрүүчүлөр үчүн убактылуу жабылды. Анда оңдоп-түзөө иштери жүрөт. Оңдоп-түзөө иши 2 этапта жүрөт. Биринчи бөлүгүндө борбордук аянт менен музей бир композицияда болуп, бири-бирине айкалышып жасалат.
MEDIA1RIGHT
Музей сүрөт жана документтерди коюуга эле ылайыкташкан. Реконструкциянын алкагында экспонаттар үчүн текчелер коюлуп, алар аркылуу байыркыдан азыркыга чейин кыргыз элинин басып өткөн жолунун сүртүмдөрү көрсөтүлөт.
Музейде 135 миң экспонат бар, буга чейин алардын он пайызы эле көрсөтүлгөн. Жаңылангандан кийин сактоочу жайдагы буюм-тайымдардын 80 пайызы текчелерге коюлат.
Ал - эгемендик күнүнө чейин бүткөрүлүшү керек. А экинчи этапта музейдин ички көрүнүшү жасалгаланат. Кененирээк Гүлнара Касымбекованын материалында: