"Электрондук өкмөт" иш кагаздарды электрондук вариантка өткөрүү менен гана чектелбейт
Новость http://fr.ill.in.ua/

Долбоордун эң негизги талаптары мектеп окуучусунан баштап, чоң кишилерге  чейин, ошондой  эле кыймылсыз мүлктүн   баарын электрондук негизде каттоо менен ишке ашат. Бул  багытта  мамлекеттик каттоо кызматы  атайын долбоорду  ишке  ашырууга  киришти.

Буга чейин пин код 16 жаштан кийин гана берилип келсе, эми мындан ары 7 жаштан  16 жашка чейинкилер да ала  алат. Анын негизинде кайсыл райондо канча окуучу бар, кайсы жерге мектеп куруу зарылчылыгы бар ошол маселелерди чече алат. Жыйынтыгында пландуу иш жүргүзуүгө  мүмкүнчүлүк  түзүлөт. “Санжыра”  деп  аталган жаңы   долбоорунун алкагында окуучуларга бериле турган пин коддор балдардын ата-энесинин пин коду менен окшоштурулуп берилет. “Анын негизинде 20 жылдан кийин да электрондук санжыраны көрүүгө мүмкүн  болот”- дейт  Мамлекеттик  каттоо  кызматынын төрага  орун  басары  Дастан  Догоев. POST1RIGHT

Дүйнөнүн  өнүккөн  өлкөлөрүндө   кыйла  жылдардан  бери  ишке  ашып  келе  жаткан  электрондук  өкмөттүн өлкө  жарандары  үчүн  бир  топ  артыкчылыктары  бар  экенин ,  өзгөчө  кадр   саясатында     тууган урукту жумушка орноштуруу   жана коррупциялык схеманы  жоюуга   таасир  тийгизээрин   Биздин  мурас  коомдук бирикмесинин жетекчиси  Чоробек  Саданбеков белгилейт.

Кыргызстанда "Электрондук өкмөттү" түзүү көп жылдан бери созулуп келе  жатканына  карабай, бул маселеге учурда олуттуу көңүл  бурулуп,      мамлекеттик органдарды бирдиктүү тармакка бириктирет.  Мамлекеттик каттоо  системасында  ишке  ашып  жаткан  мындай  аракетти  башка  тармактарга  да  киргизүү  керектигин коррупцияга  каршы  ишкер  кеңештин  төрайымы  Нурипа  Муканова  айтат.

Эске  салсак,  электрондук өкмөт–бул паракорлук жана бюрократизм менен күрөшүүнүн эң ыңгайлуу жолу. Электрондук өкмөттү колдонуу мамлекеттик аппараттын мазмунун   өзгөртүп, кызмат көрсөтүүдөгү чыгымдарды азайтууга, жарандардын убакытын жана каражаттарын үнөмдөөгө мүмкүндүк түзөт.  Ошондой эле мамлекеттик органдардын иштерин ачык-айкын көрүүгө болот.

М.Базлакунова, Биринчи радио