Мамлекетти өнүктүрүү үчүн сөзсүз саясатка аралашуу талап кылынбайт
Новость http://stranyplanety

Мамлекетке салым кошуу үчүн сөзсүз эле саясатка аралашуу талап кылынбайт. Билим берүү, маданият, искусство, спорт, айтор кайсыл гана чөйрө болбосун, өзүнүн жүрум-туруму, аткарган иши менен үлгүлүү атуулдардан Кыргызстандын уучу куру эмес.

Тынчтык өкүм сүргөн бүгүнкү бейпил жашоодо экономиканын өнүгүшү, илимде, маданияттагы, ар тармактардагы жетишкендиктер маанилүү. Ал эми өлкөдө оор кырдаар жаралган учурда атуулдардан баарын жыйыштырып, тынчтыкты камсыздап, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калуу гана талап кылынат. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон учурдагы эң татаал мезгил тууралуу сөз кылсак, ар бирибиз 2010-жылдагы окуяларды эстейбиз. Аз күндөрдөн кийин апрель ыңкылабына 6 жыл толот. Адилетсиздикке каршы күрөшүп, ак үй алдына чыккандар менен бирге ошол учурдагы баш-аламандыкты жоюуда салымы бар катардагы жарандарыбыздын эмгектери да унутта калбашы керек. Бүгүнкү каарманыбыз талап тоноочуларга каршы туруп, элдик кошуундарда активдүү иш алып барган.

Укук таануучу адистигинин ээси Талантбек Жумабеков учурда Кыргызстандын ишкерлер биримдигинин аткаруучу директору. Бул уюмга бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү кеңеш сурап кайрылып турушат. Ишкер, инвестор, мамлекеттик органдардын бири-бири менен байланышына аянтча түзүү менен өлкөгө белгилүү бир деңгээлде салым кошуп жатам деп рахат алат.

Каарманыбыз мындан 6 жыл мурдагы окуяларды эч убакта унутпайт. Апрель ыңкылабына катышпай калганына өкүнүп, өлкөгө башка жол менен салым кошууну туура көргөн. Ыңкылаптын эртеси шаарда тартип сакчыларын табуу кыйынга турган эле. Баш-аламан абалда элдик кошуунду ыкчамдык менен түзүүгө көмөктөшүп, күн-түн дебей атуулдук парзын аткарган.

Талантбек мырза мамлекеттен эч нерсе талап кылбайт. Ал мамлекеттин талабын жарандар укса деген пикирде. Азыр митинг, пикеттердин мезгили эмес экенин белгилейт.

Каарманыбыз апрель ыңкылабынан бери 6 жылга узаган убакыттагы өзгөрүүлөргө өзгөчө маани берет. Андагы окуялар шарттаган жагдайларды саясатташтыруудан алыс. Бирок, өзү аралашып жүргөн чөйрөдө оң бурулуш болгонун баса белгилейт. Бизнеске кысымдар токтоп, ишкерлер коопсуз өлкөдө жашап жатышканына кубанат. Бул өзгөрүүлөр бара-бара жаштардын чет өлкөлөргө агымын токтотот деп ишеним артууда.

Калыгул Асамбаев, Биринчи радио