Өлкөдө апрель окуясынын 6 жылдыгына карата революция баатырларын эскерүү иш чаралары өтүп жатат. Бүгүн "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында айлана-тегеригине 200 түп бак-теректер отургузулду. Ишембиликтин демилгечилери “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси. Иш чарага 200дөн ашык адам катышты. Алар апрель окуясында курман болгондордун жакындары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана ыктыярчылар .Уюштуруучулардын айтымында кайың, терек жана арчанын түрлөрү отургузулду, көчөттөрдү алууга шаар мэриясынын тиешелүү мекемелери көмөктөшкөн. Ишембиликтен соң иш чаранын катышуучулары 2010-жылы элдик көтөрүлүштө курман болгондорду эскерип, куран окушту.