Бүгүндөн тарта кайгуул милиция кызматы ишке кирди. Мурунку жол кайгуул кызматы менен кайгуул күзөт кызматы бириктирилип, Кайгуул милиция башкы башкармалыгы болуп түзүлдү.
Ички иштер министри Мелис Турганбаев жаңы өздүк курам менен таанышып, коопсуздук кызматкерлерине коомдук тартипти сактоо жаатында ийгилик каалады.
Ошондой эле, министр техникалардын абалы менен таанышып, тартип бузган учурда кандай чара көрүлөөрүн тактап чыкты. Эми кайгуул милиция кызматы 102ге келип түшкөн бардык чалууларды тейлеп, кеңири багытта иш алып барат. Жол эрежелерин бузгандар фото-видео аркылуу гана аныкталат.
Биринчи топтор Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында иштей баштады. Жол коопсуздугун жана коомдук тартипти көзөмөлдөөгө Бишкекте 800, Чүйдө 400, ал эми Ысык-Көл облусунда 160 тартип сакчысы тартылып, алар күнү-түнү 3 нөөмөттө иш алып барат.