А.Атамбаев В.Штайнмайерди кабыл алды
Новость president.kg

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Германиянын тышкы иштер министри, ЕККУнун учурдагы төрагасы Вальтер Штайнмайер менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар ыкчам өнүгүп жаткан кыргыз-немец мамилелеринин азыркы абалы, келечеги тууралуу сүйлөшүштү. 

Штайнмайер Кыргызстанга иш сапары менен акыркы жолу мындан он жыл мурун келген. Учурда ал расмий визитинин алкагында Борбор Азия мамлекеттерин кыдырууда. 

31-марттан 1-апрелге чейин созулган үч күндүк иш сапарынын программасына ылайык, министр ЕККУнун катышуучусу болгон өлкөлөр- Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда болот. Расмий жолугушуудан кийин Алмазбек Атамбаев менен Франк-Вальтер Штайнмайер сүйлөшүүлөрдү көзмө-көз жүргүзүштү.