Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 8 пайызга төмөндөттү
Новость http://data.vb.kg

Улуттук банк башкармалыгы 28 - марта эсептик чен өлчөмүн 8 пайызга төмөндөттү. Алсак 18 - мартка карата керектөө баа индекси 0,71 пайызга арзандап, жылдык мааниде алганда инфляция 0,8 пайыз деңгээлинде катталган. 2016- жылдын январь- февраль айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүм 7,8 пайызга азайган. Бул өнөр жай секторунун, айыркча Кумтөр алтын кениндеги өндүрүш көлөмүнүн азайгандыгы менен байланыштуу. Ошондой эле негизги соода өнөктөш өлкөлөрдөгү экономиканын басаңдашы, дүйнөлүк рынокто мунайга баанын төмөн чекте кармалып турушу да тиисир этүүдө.

Жыл башынан бери валюта рыногунда турктуулук сакталууда. Бул мезгил ичинде 1 АКШ доллары 6,7 пайызга төмөндөгөн.

Белгилей кетсек эсептик чендин өлчөмү өткөн айда 10 пайыз болчу.  Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмүн кароого алган кийинки отурму 30- майга белгиленди.