Аксынын Чаласарт аймагынан өзбек аскерлери чыгарылды (жаңыланды)
Новость http://static.anhor.uz/

Аксынын Чаласарт аймагынан өзбек тарап аскерлерин бүгүн толугу менен чыгарып кетти. Бул тууралуу өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү билдирди. Курбанбай Искандаров ырастагандай, чек ара маселеси конструктивдүү чечилип, талаш аймакка кирип алган өзбек аскерлери чыгып кетти. 

POST1RIGHT POST2LEFT

Кыргызстан да өз аскерлерин аймактан алды. Өкмөттүн өкүлү билдиргендей, бул кадамга Өзбекстан эч кандай талап койгон жок жана Кыргызстан дагы аларга эч нерсе убада кылган эмес. 

Белгилей кетсек, кечээ өзбек тараптын демилгеси менен эки өлкөнүн чек ара башчыларынын ортосунда Баткендеги “Кызыл-Кыя автожолу” чек ара өткөрмө бекетинде сүйлөшүү жүргүзүлгөн. 

Эске салсак, 18-мартта Аксыдагы Чаласарт тилкесине өзбек чек арачылары аскер техникалары менен кирип келген. Кийинчерээк ал жерге кыргыз тарап да чек арачыларын койгон. Искандаров билдиргендей, талаш жерди тактоо маселеси эми тынчтык жолу менен гана жүргүзүлөт.