Үстүбүздөгү жыл Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсү үчүн ишкерлердин салымы жогору болду. Өлкөбүздө 400 миңден ашык жаран чакан жана орто бизнес тармагында иштейт. Ишкерчиликтин бул тармагы өткөн жылдын ички дүң өндүрүмүнүн 40 пайызын, ал эми быйыл болсо 32 пайызын түзгөнүн серепчилер белгилейт. Багыт программасында ишкерчиликтин күнгөйү менен тескейи туурасында сөз кылабыз.