Аймактык коопсуздукту камсыз кылууга жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү кырдаалдын өнүгүү келечегине байланыштуу маселелер талкууланды. Бул багытта президент Алмазбек Атамбаев БУУ Борбор Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы Петко Драгановду кабыл алды.
Мамлекет башчысы Кыргызстан аймакта пайда болгон маселелерди сүйлөшүү жолу менен гана чечүүнү жактаарын, ошондой эле, Борбор Азия өлкөлөрүнүн биргелешкен аракеттерин улантуунун маанилүү экендигин белгиледи.
Президент Алмазбек Атамбаев ар башка чөйрөлөрдөгү реформаларды ишке ашырууда Кыргызстан менен БУУ системасынын ортосундагы кызматташтык мындан ары да уланаарына үмүттөнөөрүн билдирип, аймактагы диалогду бекемдөөдөгү Борбор Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борбордун мүмкүнчүлүгүн белгиледи.