ЖККУ: чек арадагы абал талкууда
Новость internet

Кыргыз-өзбек чек-арасындагы такталбаган талаштуу аймак маселесине жеринде баа берүү үчүн Кыргызстанга ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Ара Бадалян келет. Бул тууралуу уюмдун маалымат-катчысы Владимир Зайнетдинов билдирди. 

22-мартта кыргыз тараптын демилгеси менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун туруктуу кеңешинин кезексиз жыйыны башталган. Анда Кыргызстандын уюмдагы туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлү Аман Мамбетсейитов кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берген эле. Уюмдун туруктуу өкүлдөрү чек арада түзүлгөн абалга тынчсыздануусун билдирип, кырдаалга байкоо жүргүзөөрүн айткан. 

Ара Бадалян абалды изилдеп, кырдаалга байкоо салып, кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Талкуу маалында ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин мүчөлөрү менен телефон аркылуу байланыш ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжанын катышуусунда түзүлөт.