Борбор калаада таштандыда табылган танка снаряды жок кылынат
Новость

Борбор калаада таштандыда табылган танка снаряды жок кылынат. Тийиштүү күч түзүмдөрүнүн көмөктөшүүсүнүн аркасында жарылуучу каражат  Ала-Тоо аскердик окуу борборуна алып барылды. Жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан снаряд тиешелүү иш-аракеттердин негизинде зыянсыздандырылат.

Эске сала кетсек кечээ түштө Кызыл-Аскерде селсаяктар тарабынан  снаряд таштандыдан табылган.