ТИМ: Э.Абдылдаев элчилер менен жолукту
Новость internet

Өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстандын элчилери менен жолугуп, Борбор Азия аймагында түзүлүп жаткан соңку кырдаалды талкуулады. 

Министрликтин маалымат кызматынан кабарлагандай, беш өлкөнүн дипломаттары Жамааттык коопсуздук келишим уюму менен Шанхай кызматташтык уюмунун мамиле-катнаштарына байланыштуу маселелер боюнча пикир алмашты. 

Эске салсак, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Ал эми ШКУга Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.