Т.Сариев чек арадагы коопсуздук маселесине байланыштуу жергиликтүү эл менен жолукту
Новость internet

Бүгүн, премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусуна бир күндүк иш-сапар менен барды. Иш-сапардын алкагында Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү эл менен жолугуп, өлкөдөгү орчундуу маселелер боюнча пикир алмашат. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Иш-сапар жүрүшүндө Темир Сариев райондордун активи менен жыйын өткөрүп, учурдагы коомдук-саясий абал жана коопсуздук, чек ара маселелерин талкуулайт.