Коомдун коопсуздугу өзүбүздүн колдо
Новость KTRK/videograp

Талас областында "Диний экстремизмге жана кылмыштуулукка каршыбыз" деген аталыштагы областтык форум болуп өттү. Аталган форумга Ички иштер министри Мелис Турганбаев, облус жетекчилери, мекеме башчылары, айыл аксакалдары жана имамдар катышты. 

Күн тартибинде азыркы күндүн глобалдуу темасы диний экстремизмдин алдын алуу, жаш балдарга болгон зордук зомбулукка бөгөт койуу жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоо маселеси тууралуу талкуу жүрдү. Форумдун катышуучуларынын айтымында кырсык болгонго чейин анын алдын-алуу жеңилирээк. 

Ошол себептен коомчулук, өзгөчө дин кызматкерлери, айыл аксакалдары менен активдүү жаштар четте карап турбастан жабыла бул маселеге көңүл бурушу зарыл. Министр Мелис Турганбаевдин берген маалыматы боюнча акыркы учурда аялдардын да экстремистик топторго катыштыгы 25 пайызды түздү. Бул багытта милиция кызматкерлерине дин жагынан билим берүү колго алынууда деп билдирди Мелис Турганбаев.