Чек арадагы абал өзгөрүүсүз
Новость KTRK/videograp

Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасындагы абал өзгөрүүсүз бойдон калууда. Буга байланыштуу чек ара кызматынын башчысынын орун басары, полковник Таалайбек Усубалиев бүгүн талаштуу тилкеге барды. 

Учурда кыргыз чек арачылары Өзбекстандын аскер күчтөрү кирип келген аймакты күчөтүлгөн тартипте кайтарууда. Өткөрмө бекеттер азырынча жабык. Бир гана Кызыл-Кыя бекети ачык, ал жерден Өзбекстандын Сох жана Шахимардан анклавдарынын тургундары өтөт. 

POST1RIGHT

Эске салсак, кечээ таң ата коңшу өлкөнүн 40ка чукул чек арачылары бейтарап аймактын Аксы районундагы тилкесине техникалары менен кирип алышкан. Алар жол жээгине блок-постторду орнотуп, жолдон каттаган кыргыз жарандарынын паспортторун текшерип өткөрө баштаган.

Талашка түшкөн жер тилкесинин аянты 38 гектарды түзөт. Кошуна өлкөнүн чек арачылары кыргыз жарандарына Өзбекстандан чыгууга уруксат берип, ал эми кирүүгө тыюу салышкан. Кыргыз тарап өз кезегинде өзбек жарандарына дагы "Баймак-автожол", "Кен-Сай-автожол", "Кадамжай-автожол" өткөрмө пункттары аркылуу кирип-чыгууга тыюу салды.