Электр энергиясынын баасы көтөрүлбөйт
Новость KTRK/videograp

 Кыргызстанда август айына чейин электр энергиясына болгон баалар өзгөрбөйт. Бул тууралуу отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Таалайбек Нурбашев билдирди. Анын айтымында, 1-апрелден тарта тарифтер көтөрүлөт деген кептер чындыкка жатпайт. Бул арада парламент депутаттары электр жарыгынын баасын арзандатууга багытталган мыйзам долбоорду коомдук талкууга алып чыкты.