Энерготармактын ишин жөнгө салуу үчүн жеке инвесторлорду тартуу менен техникалык жоготууларды азайтуу керек. Бул тууралуу «Энергетика жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуунун жүрүшүндө айтылды. Демилгечидепутаттар энергетика тармагы инвестиция тартууга муктаж болгондуктан жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарылдыгы жаралганын белгилеп, мыйзам долбоору тарифтердин азыркы баасынан төмөндөшүнө алып келерин айтты.
Энергетика тармагын көтөрүү үчүн атаандаштыкты пайда кылып, тармакка жеке инвесторлорду тартуу менен техникалык жоготууларды азайтуу керек – дейт демилгечилердин бири, “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.
«Биздин ар жараныбыз жылына 1 миӊ. 300 кВтсаат электро энергиясын пайдаланат, ал эми КМШ өлкөлөрүндө – 3,5 миӊ кВтсаат, өнүккөн өлкөлөрдө – 8 миӊ кВтсаат» тармак экономиканы көтөрбөй эле артка тартып атат. Техникалык жабдуулар эбак эскирип бүткөн. Кыргызстандын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү зор экенине карабастан, өлкө энергетикалык жактан артта калган өлкөлөрдүн катарына кирет. Андыктан энерго тармактын мыйзамдык базасын жаӊыртууга мезгил жетти. Муну менен тарифтер кымбаттабайт, тескерисинче төмөндөтүүгө алып келет.
Энерготармактын иши жөнгө салуу үчүн атаандаштыкты пайда кылуу керек. Мурун бир гана ишканадан электр энергия сатып алган болсок, бул мыйзам аркылуу арзан жана сапаттуу электр энергия өндүргөн жеке ишканалардан сатып алабыз. Жеке ишкерлер ТЕЦ, ГЭСтерди жана кичи ГЭСтерди курганга мүмкүнчүлүк алат. Андан сырткары бөлүштүрүүчү ишканаларга мамлекеттик ишканалара менен бирдей шартта иштегенге мүмкүнчүлүк берилет – деп кошумчалады Өмүрбек Текебаев.
Энергетика боюнча көз карандысыз эксперт Расул Үмөталиев мыйзам долбоорунда сунушталып жаткандай энерготармагына инвесторлорду тартуудан мурун, аларга алгач ыңгайлуу шарт түзүп берүү керек – деген пикирин билдирди. Эң башкысы мыйзамдын иштеп кетүүсүн көзөмөлгө алуу зарыл.
Ал эми Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин белгилөөсүндө жакын арада электр жарыгына болгон тарифтер көтөрүлбөйт. Калктын 80 пайызы 700 киловат саат өлчөмүнөн ашпаган учурда 1 киловатт үчүн 77 тыйындан төлөп жатат. Бул лимиттен ашып кеткен тургундардын 20 пайызы 2 сом 16 тыйындан электр жарыгын алып жатат. Энергетика боюнча адис, жеке менчик ишкананын жетекчиси Бийназар Бердикеевдин белгилөөсүндө, азыркы тариф ылайыктуу, көтөрүүнүн зарылчыгы жок.
Ошентип демилгечи депуттар электр энергиясын иштеп чыгуу, жеткирүү жана бөлүштүрүү жабуулары эскиргенин, өлкөнүн отун-энергетикалык комплексине кирген объектилердин техникалык коопсуздугу бузулганын айтып, Кыргызстан энерготармагынын иши жөнгө сала турган мыйзамдык базаны жаӊыртуу жана өркүндөтүү зарылчылыгы чоң экендигин белгилешти.
Сүймөнкул Идирисов "БИРИНЧИ РАДИО"