«Дүйнөлүк акча жумалыгы» башталды
Новость http://www.ca-portal.ru/

Кыргызстанда 14-марттан тарта «Дүйнөлүк акча жумалыгы» башталды. Иш-чара 20-мартка чейин созулат. Бул тууралуу  Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жараяндын алкагында өлкө боюнча атайын  окутуулар өтүп, каржы рыногу тууралуу жаштарга кенен маалыматтар берилет.

Ал эми Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча бөлүмдүн башкы адиси Мирлан Майтпасов бул иш-чара калктын каржылык  сабаттуулугун жогорулатуу үчүн мааниси чоң экенин кошумчалады. Айрыкча жаштар арасында бул ишти күчөтүү үчүн атайын пландар иштелип чыккан.

Эске салсак, «Дүйнөлүк акча жумалыгы» Кыргызстанда экинчи ирет өткөрүлүүдө. Иш-чараны Улуттук Банк уюштуруп, ата мекендик банктардын  аймактардагы бөлүмдөрү дагы тартылууда.