Өлкөнүн ички дүң продукциясынын январь-февраль айларындагы көрсөткүчү өткөн жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 7,8 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук Статистикалык комитети билдирди. Экономика министрлиги өндүрүштүн төмөндөп кеткенин курулуштун токтоп калуусу менен түшүндүрүүдө. Талдоочулардын белгилөөсүндө, мындай абал көпчүлүк өлкөлөрдө болуп жатат жана бул мезгилдүү гана көрүнүш.
Ал эми жаңырган жылдын башында өнөр жай продукциясынын көлөмү 26 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын январь-февралдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу үчтөн бирине азайган. Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев бул жагдайды түрдүү себептер менен түшүндүрөт. Кыш мезгилинде токтоп турган текстиль өнөр жайы эми гана баш көтөрө баштады. Андан сырткары «Жунда» ишканасы текшерүүлөрдөн кийин жабылып калган.
Экономистердин белгилөөсүндө бул убактылуу гана көрүнүш. Өлкөдө өндүрүш тармагы солгундап, Кыргызстандын ири базарлары, «Дордой» жана «Кара Суу» базарларында соода-сатык басаңдап кети. Экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идиновдун айтымында, мындай абал жалгыз Кыргызстанда гана эмес, коңшу мамлекеттерде да байкалууда жана бул май айына чейин созулуусу мүмкүн.
Ал эми үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айында ички дүң продукциясынын көлөмү «Кумтөрдү» кошпогондо 45 миллиард сомдон ашып, өнөр жай продукциясынын көлөмү 26 миллиард сомду түздү.