Социалдык-экономикалык абалдын көрсөткүчү
Новость

Январь-февраль айында ички дүң продукция, алдын ала баалоо боюнча 49 миллиард сомдон ашкан. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 7,8% аз. 

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин январь-февраль айларындагы социалдык-экономикалык абалдын жыйынтыгын талкуулаган жыйында айтылды. Ички дүң продукциянын төмөндөшүнө өнөр жайдагы жана курулуштагы өндүрүштүн көлөмүнүн азайышы себеп болгон. Ал эми өнөр жай продукциясынын көлөмү 26 миллиард сомдон ашкан. Өткөн жылдын январь-февраль айына салыштырмалуу бул сан аздык кылат. 

Анткени баалуу металл өндүрүшүнүн кыскарышы төмөндөөгө себепчи болгон. Ал эми керектөө боюнча баалар жана тарифтер жыл башынан бери жалпы республика боюнча 0,3 пайызга төмөндөгөн. Мунун менен бирге тамак-аш азыктарынын жана суусундуктардын баасы - 1,3 %, ал эми алкоголдук ичимдиктердин баасы - 0,5% арзандаган.