Эконом-класстагы үйлөрдү куруу үчүн орус-кыргыз өнүгүү фонду 10млн доллар бөлөт
Новость

Орус-кыргыз өнүгүү фондуна  эконом-класстагы үйлөрдү куруу үчүн 10дон ашык компания арыз берди. 11-мартта фонд  тендерге катышууга ниети бар компаниялар менен  жыйын курат.  Ал эми  турак-үйлөрдү курууга катыша турган  компаниялар  белгиленген талаптарды аткарууга тийиш.  Эске  салсак, аталган фонд эконом  класстагы  үйлөрдү  курууга  25-февралда  тендер  жарыялаган.

Өлкөнүн  ар бир аймагына эконом-класстагы үйлөрду куруу  үчүн орус-кыргыз өнүгүү фонду 10млн  доллар бөлөрүн башкармалыктын төрайымы  Нурсулуу  Ахметова билдирген.  Бул максатта  фонд  курулуш компанияларынын арасында тендер өткөрө  тургандыгын кошумчалаган болчу.

Долбоор турак-жай маселесин гана чечпестен,  курулуш рыногуна да колдоо көрсөтөт.  Биринчи этапта  10 миллионго чейинки  АКШ доларын бөлөбүз.  Алдыда программага катышуунун техникалык шарттарын  жарыялап, алты дубандын борборунда ишти баштайбыз.   Фонд   мамлекеттик ипотека компаниясына атаандаш болбойт.  Мамлекеттик ипотека компаниясы   бюджет кызматкерлерин ипотекалык насыялоо маселеси  менен алектенет, ал эми фонд  эконом-класстагы  турак-жайды куруунун   заказ берүүчүсү  болот.  Фонд мамлекеттик ипотекалык  компания  насыяга бере турган үйлөрдү  курат.

Ошентип бул иштер  республиканын бардык аймагын камтып, бюджет  кызматкерлери үчүн ипотекага бериле турган турак-жайларды куруу  иштери пландаштырылууда. Долбоор пилоттук негизде башталып, натыйжасын берсе,   келечекте  кеңейтилип, улантылаарын   Нурсулуу Ахметова кошумчалайт.  

Эске салсак,  2016- жылга карата  орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 15  долбоорду   каржылоону пландаштырган. Анын ичинде багбанчылыкты өнүктүрүү,  ишкананы  жаңылоо  жана   жеткиликтүү турак-жайлардын курулушу  боюнча  иш-аракеттер белгиленген.

Гүлбүбүб Усенова, БИРИНЧИ РАДИО