Мамлекет башчынын башка буйругу менен Улан Исраилов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басарынын рангында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору болуп дайындалды.
Бөкөнбай Казаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директорунун кызматынан бошотулду. Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Бөкөнбай Казаков берген арызынын негизинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басарынын рангында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директорунун кызматынан бошотулду.