Жапония “Манас” эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу багытында 16 млн доллар өлчөмүндөгү гранттык каражат бөлөт. Эки тараптуу келишимге ылайык, Жапон Өкмөтү бул гранттык каражатка 56 техника бирдигин сатып берет. Жогорку Кеңеште эки өлкө ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо долбоору каралып, эл өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгүн “Манас” аэробекетиндеги жүргүнчүлөрдү тейлөө, андагы тартип маселелери кызыктырды.
Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө”мыйзам долбоору дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Эми 16 млн долларлык каражат аэропортту өнүктүрүүгө жумшалат.
Эске салсак, “Манас”аэропортунун 1975-жылы негизделген. Анын карамагына республикабыздын аймактарындагы 11 аэропорт да кирет. Жогорку Кеңеште эки өлкө ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо долбоору каралып, эл өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгүн “Манас” аэробекетиндеги жүргүнчүлөрдү тейлөө, андагы тартип маселелери кызыктырды.