Баш калаада терини кайра иштетүүчү завод ишке кирди
Новость www

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы терини кайра иштетүүчү завод толук кандуу ишке киришти. Аталган ишкана 1927-жылы курулуп, 1929-жылы алгачкы продукция чыгара баштаган. Мезгилинде мал киндиктүү өлкөгө ушундай заводду ачуу зарылдыгы келип чыкканын адистер белгилешет. Учурда ишкана жылына үч миңден ашык уй терисин кайра иштетет. 

Даярдалган жогорку сапаттагы тери кампада көп турбайт. Анткени, кардарлар маалында алып кетишет. Айрыкча кол өнөрчүлөр мындан улуттук баалуу белек, сувенирлерди жасашат. Келечекте ишкананын жабдууларын жаңыртуу аракети көрүлүүдө.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"