Кыргыз археологдору орусиялык адистер менен биргеликте иштөөдө
Новость www

POST1RIGHT

Кыргызстандын археологдору орусиялык адистер менен биргеликте Баткен облусунда Сел-Үңкүр үңкүрүнөн таш дооруна таандык болгон табылгаларды табышты. Бул тууралуу биздин каналга тарых илимдеринин кандидаты Темирлан Чаргынов билдирди. Анын айтуусунда Сел-Үңкүр жайында байыркы адамдар жашаган. Бул тарыхый үңкүр 60-жана 80-жылдары изилденген. 

Анда табылган эмгек куралдары, айбанаттардын сөөктөрү менен тиштери учурда Ташкенттеги музейде сакталып турат. Ал эми 2012-жылдан бери орусиялык жана кыргызстандык окумуштуулар Сел-Үңкүрдө иликтөө иштерин баштаган. 

Анын жыйынтыгында бул үңкүрдөн жаңы тарыхый табылгалар табылды. Болжолдуу маалыматтар боюнча бул үңкүрдү 126 миң жыл мурда байыркы адамдар байырлап, тери жана сөөктү иштетишкен.