Алмазбек Атамбаев Антониу Гутеррешти «Достук» ордени менен сыйлады
Новость Султан Досалиев

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясынын алкагында БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш менен жолугушту. POST1RIGHT

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун алдында мамлекет башчы БУУнун штаб-квартирасынын ардактуу конокторунун китепчесине өзүнүн кол тамгасын калтырды. 

Андан соң, Алмазбек Атамбаев Антониу Гутеррешти Кыргызстан менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн «Достук» ордени менен сыйлады. 

Ошондой эле, өлкө башчы Бириккен Улуттар Уюмуна мамлекетке көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтык талкууланды.