POST1RIGHT
Коопсуздук кеңешинин өткөн дүйшөмбүдөгү жыйыны боюнча атайын чечим кабыл алынды. Анын негизинде өкмөткө жана бир катар мамлекеттик мекемелерге шайлоону ачык айкын жана таза өткөрүү боюнча тапшырмалар берилип, шайлоочулардын добушун сатып алуу жана административдик ресурс колдонууга каршы чаралардын топтомун иштеп чыгуу сунушталды.
Жогорку Сотко болсо шайлоого байланышкан арыз даттанууларды кечиктирбестен жана мыйзам чегинде карап өкүм чыгаруу тапшырылган.
Чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө коопсуздук кеңешине жүктөлдү.