КМШ өлкөлөр аралык Салык кызматынын өкүлдөрүнүн кеңешмеси өтүүдө
Новость

POST1RIGHTЫсык-Көлдө Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөр арасында Салык кызматынын өкүлдөрүнүн координациялык кеңешмесинин 24чү отуруму жана Евразия башкаруу боюнча кеңеш берүүчү комитетинин 12чи отуруму өтүүдө. Ага 8 өлкөнүн салык кызматкерлери катышып жатат. Анда Евразия экономикалык комиссиясынын алдындагы кенеш берүүчү комитетинин катышуучулары кыйыр салыктарды алуу, товарларды экспорттоо жана импорттоо жумуштарын аткарууда көзөмөлдөө механизмин талкуулашууда.

POST1RIGHTКМШ өлкөлөрүндөгү салык кызматкерлеринин 24 отурумунун жүрүшүндө финансы экономикалык чөйрөдөгү өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери каралды. Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин салык мыйзамдарына үстүбүздөгү жылдан тарта күчүнө кирген өзгөрүүлөрдү талкууга алышты.