Төө-Ашуудагы тоннелде унаа каттамдарына чектөө киргизилет
Новость sputnik.kg

POST1RIGHTЧабандар жайлоодон жакага түшүп, Төө-Ашуудагы тоннель аркылуу мал айдап өтүп жаткандыктан 5-сентябрдан 30-сентябрга чейин транспорт каттамдарына чектөө киргизилүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, тоннелден мал айдап өтүү учурунда унаа каттамы токтотулат. Кыймылды жөнгө салуу иштерин тоннель кызматкерлери жүргүзөт.