POST1RIGHTБишкекте жашылча жана мөмө-жемишти кайра иштетүүчү завод ишке киришти. Ишкананын ачылыш аземине бүгүн президент Алмазбек Атамбаев катышты. Долбоордун жалпы суммасы 5,5 миллион долларды түзөт. Анын 3, 9 миллиону Кыргыз- орус өнүктүрүү фондунан каржыланса, калган 1,6 миллион доллары өздүк каражат болгон.
Долбоордун ишке кириши менен 65 жумушчу орун түзүлүп, айыл чарбаны жана аймактарды өнүктүрүүгө шарт түзүлмөкчү. Компания Ысык-Көл, Ош жана Бишкек шаарынын тегерек четинен дыйкандардан айыл чарба азыктарынын жети түрүн сатып алмакчы. Ишкана эл аралык ХАСП системасынын талаптарына ылайык курулуп, бул өз кезегинде жергиликтүү айыл чарба азык түлүктөрүн чет мамлекеттерге чыгарууга шарт түзөт. Ошондой эле, Евразия экономикалык биримдигинин аймагына экспорттун көлөмүн көбөйтөт.