POST1RIGHT
26 жылдан бери көйгөйлүү болуп келе жаткан кыргыз-өзбек чек ара маселелери чечиле баштады. Бул тууралуу Президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 28-августа Өзгөндө эл менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Мамлекет башчы эки жума мурда эки өлкөнүн премьер-министрлери кезигип, , чек аралардын 84 % боюнча макулдашууга кол коюлганы эми жакында өзбек президенти Кыргызстанга келе тургандыгын билдирди.
Өзбек президентинин сапары эки өлкө ортосунда 25 жылдан бери чечилбей келе жаткан чек ара, транспорттук байланыш, соода-экономикалык алакалар маселелерин чече тургандыгын талдоочулар айтууда.
Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"