POST1RIGHT
"Газпром Кыргызстан" компаниясы 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасаган өндүрүштүк жумуштарынын жыйынтыгын чыгарды. Компаниянын 2015-2017-жылдардагы инвестициялык программасы толук аткарылганын ишкананын өкүлдөрү маалымат жыйында билдиришти... 2016-жылы 9 миң абонент газ менен камсыздалса, компания алдыда дагы 100 миңден ашуун үйгө жаратылыш газын жеткирүүнү пландап жатат. "Газпром Кыргызстандын" жыл бою аткарган жумуштары тууралуу кабарчыбыз Актилек Гүлжигит кызы айтып берет.
Ошондо дагы 100 миңден ашык абонент жаратылыш газы менен камсыз болот. “Газпром Кыргызстан” 3 жылдын ичинде натыйжалуу жумуштарды аткарды. Мисалы “Бухара газ району - Ташкент-Бишкек-Алмата” магистралдык газ өткөргүчүндө масштабдуу курулуш жана оңдоп-түзөө иштерин жасаган. Өзбекстандын Бухара районунан башталып, Казакстан жана Кыргызстан аркылуу өткөн газ өткөргүч бүткүл Борбордук Азия үчүн маанилүү курулуш эсептелет. “Газпром Кыргызстан” компаниясы 2017-жылдын биринчи жарымындагы өндүрүштүк жумушунун жыйынтыгын чыгарды. Ишкана 2015-2017-жылдарга белгиленген инвестициялык программасын толук аткарган. Мындан сырткары, “Газпром Кыргызстан” аймактардагы газ бөлүштүрүүчү станцияларды да жаңылады. Алдыда компания 2030-жылга чейин Кыргызстанды газдаштыруу деңгээлин 60 пайызга чейин жогорулатуу планын коюуда.