Куралдуу күчтөрдөгү реформа
Новость

POST1RIGHT

Соңку жылдары күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү үчүн көп кабаттуу 53 үй курулуп, бир жарым миңдей кызматкерге батирлер берилди. Бул ушуну менен токтоп калган жок. Кезекте дагы 41 үйдүн курулушу жүрүп жатат. 

Мекен чегинде эмгек өтөгөндөрдү турак жай менен камсыз кылуу - өлкөнүн аскердик реофрмасынын алкагында жасалган иштердин негизги өзөгүн түзөт.

Иш натыйжалуу болуш үчүн биринчи кезекте кызматкерге тиешелүү шарттар түзүлүшү керек. Аскер кызматкерлеринин арасында батирден батирге көчүп жашаган көйгөй жоюлууда. Алардын социалдык абалына мамлекет өзгөчө көңүл буруп жатат.

Мекен чегиндегилерге гана эмес, коомдук тартипти көзөмөлдөгөн, түрмө кайтарган, куткаруучулук ишти аркалаган деги эле бардык күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү көңүл сыртында калган жок. Алар үчүн үй куруу тынымсыз жүрүп жатат. Жакын арада башка күч түзумдөрүнүн өкүлдөрү менен бирге прокуратуранын жана жазаларды аткаруу мекемесинин кызматкерлери да турак жайлуу болушат. 

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери армияга түрдүү мамиле жасалып келген. Аскерлерге кийим тартыш болгон күндөр артта калды. Учурдагы аракеттер токтоп калбайт. Адистер бүгүнкү жасалган иштер мурдагы реформаларга салыштырмалуу натыйжа бере баштаганын белгилешет.

Мекен чегинде кызмат өтөгөн жоокерлердин социалдык абалы жакшыруу менен бирге алардын иши да жеңилдейт. Чек аралардын такталбаганы түйшүк жаратып келген. Эми коңшулар менен, айрыкча Өзбекстан менен талаш жаратып келген маселеге чекит коюлат. Дүйнөдө терроризм кулачын жайып турган учурда чек аранын такталбай, бекемделбей турушу коопсуздукка кедергисин тийгизет. 

Натыйжалуу башкаруу системасын түптөө да реформанын негизги максаттарынын бири. Ага ылайык куралдуу күчтөрдү координациялай турган Башкы штаб түзүлгөн. Кыргызстан өз каражатына мекен чегиндегилерге турак жай куруп, аскер бөлүктөрүн жакшыртса, армияны курал жарак менен жетиштүү камсыздоо өнөктөш өлкө Орусиянын жардамы менен ишке ашууда.