Кыргызстандыктар 31-августтан 4-сентябрга чейин 4 күн эс алышат
Новость

POST1RIGHTЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, Эмгек кодексине ылайык, Кыргызстанда 31-августтан 4-сентярбга чейин төрт күн эс алуу күнү деп жарыяланат. 

POST2LEFTАнткени 31-август - Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын күнү - календарда кызыл менен белгиленип, эс алуу күнү болуп саналат. Мындан тышкары, өлкөнүн мусулмандар башкармалыгы 1-сентябрды Курман айт майрамы катары белгилешти. 

Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык "Курман айт" иш күнү болуп эсептелбейт. Ал эми 2-3-сентябрь ишемби, жекшембиге туура келет. Ошентип Кыргызстанда төрт күн катары менен эс алуу күнү болот.