Быйыл Кыргызстан менен Индиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 25 жыл толду. 2015-жылы июнь айында Индия Республикасынын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга келген. Ал эми 2016 жылдын декабрь айында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Индияга мамлекеттик сапар менен барган. Эки сапардын алкагында абдан маанилүү келишимдер түзүлгөн. "Күндүн темасы" уктуруусунда, эки өлкөнүн ортосунда саясий, маданий жана экономикалык байланыштары, Индиянын эгеменделүүгүнун 70 жылдык мааракеси туурасында сөз болуп, уктурууга Индия Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Лакшманан Сависри,Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу кичи элчиси Сактанбек Кадыралиев катышты.
Алмаз Батилов, "Биринчи радио"