"Таза Коомдун" алкагында инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу каралууда
Новость

POST1RIGHTПрезиденттик аппараттын башчысы Сапар Исаков «EST Prototype Ltd» команиясынын директору Эрик Эрки Мюрем жана «Gemalto» компаниясынын коммерциялык директору Ирджи Седлачек менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар "Таза Коом" программасынын алкагында инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сүйлөштү. Сапар Исаков белгилегендей, учурда өлкөдө санариптик экономикага өтүү үчүн пландуу иштер аткарылып жатат.

POST2LEFTСанариптик экономикага өтүү менен калктын мамлекеттик кызматтарды пайдалануусу жакшырып, коррупция кыскарып, мамлекеттик мекемелердин бири-бири менен кызматташтыгы артат.

Исаков ошондой эле, Кыргызстан инвестиция тартууга жана заманбап IT технология менен батыштын алдыңкы бизнес-менеджменти боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди. Европалык IT компания өкүлдөрү "Таза Коом" программасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.