POST1RIGHT
Эки мамлекеттин кызматташтыгын тереңдетип, эки жака тең пайдалуу келишимдерге жетишүү. Мындай макулдашууга Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери Сооронбай Жээнбеков менен Абдулла Арипов келишти. Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу кызматташтык боюнча жана чек араларды делимитация, деморациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өттү. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маселелерди өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык комиссия мындан ары ишин кайра жигердүү улантаары белгилүү болду. Ошол эле учурда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын аныктоо маселеси да талкууга алынды.
Сегиз жылдык тыныгуудан кийин Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык комиссиясы кайрадан алакаларды мурдагыдан да бекемдөөгө жигердүү киришти. Себеби эки мамлекеттин өкмөттүк комиссиясынын мынча убакыттан бери тыным алышы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чече турган маселелерди арбытты. Мындан улам тараптар дароо бир эле маалда эки тараптуу кызматташтык боюнча жана чек араларды делимитация, деморациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссияга чогулду.
Эки мамлекеттин ортосундагы тоскоолдуктарды жоюу, товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана коопсуздук тармагында кызматташып, эң башкысы чек ара чектерин аныктап, делимитация жана деморациялоо иштерин тездетүү. Дал ушул маселелер былтыр эки мамлекеттин карым-катнашынын алкагында Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусунда негизги багыттар катары белгиленген. Ошол учурдан тартып кыргыз-өзбек мамилесинин жаңы барагы ачылган. POST2LEFT
Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлеринин жетекчиилиги алдында өткөн өкмөттөр аралык комиссия эки өлкөнүн президенттери белгилеген дал ушул багыттарды талкууга алышты. Кеңейтилген жыйында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы тоскоолдук менен чектөөнү жоймоюнча өнүгүү болбой турганын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан менен коңшулук мамилелерди өнүктүрүү - Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат-деди. Мындан улам премьер-министр жүктөрдү алып өтүү, жеткирүү үчүн кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрүү бекеттеринин ишин кайрадан жандантуу зарылдыгын белгиледи. Ошол эле учурда Жээнбеков биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу, кыргыз-өзбек ишканаларын, логистикалык борборлорду жана кайра иштетүү ишканаларын түзүү зарылчылыгын айтты.
Ал эми Кыргызстан Өзбекстанга тамак-аш, кайра иштетүү, тигүү жана башка товарларды экспорттоого даяр. Бирок бул үчүн тоскоолдуктарды жоюу керек. Абдулла Арипов Өзбекстан Кыргызстан менен иштиктүү жана эки жака тең пайдалуу кызматташтыкка даяр экенин билдирди. “Биз товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө баардык күч аракетти жумшайбыз-деген Абдулла Арипов Кыргызстан Өзбекстан үчүн ишенимдүү жана жакын коңшу катары узак убакытка алака түзө турган өнөктөш-деди.
Ошол эле учурда эки өлкөнүн өкмөт башчылары маданий-гуманитардык алканы чыңдоо маселесин да кеп кылып, жалпы тарыхы, жашоо турмушу, каада салттары менен тили окшош коңшу мамлекеттерде эки элдин маданият күндөрүн өткөрүү демилгесин да көтөрдү. Өкмөттөр аралык комиссия эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жакшы аянтча болуп берди. Албетте эки мамлекеттин ортосундагы бул макулдашууларды жүзөгө ашыруу үчүн чек ара маселесин да чечүү абзел. Тараптардын бул жагдайды чек араны делимитация жана деморациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссияда талкуулады. Кошумчлай кетсек кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана деморациялоо боюнча сүйлөшүүлөр да көп жылдык тыныгуудан кийин былтыр активдүү башталган.