Ренат Макенов борбор калаанын вице-мэри болуп дайындалды
Новость

Бишкек мэри Албек Ибраимовдун буйругуна ылайык, Ренат Макенов вице-мэр болуп дайындалды. 

Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Эрнис Зарлыков өз каалоосу менен арыз жазып, жумуштан кеткен. 45 жаштагы Макенов мурда Бишкектин муниципалдык менчик башкармалыгын жетектеп келген.