Атамбаев аппарат жетекчи Исаковду кабыл алды
Новость www

POST1RIGHT

Президент Алмазбек Атамбаев аппарат жетекчи Сапар Исаковду кабыл алып, Кыргызстандын 2040-жылга чейинки узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясын талкуулап, аны кылдат иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Мамлекет башчы стратегиялык документтин борборунда адамдын жашоосу, саламаттыгы, билими, укугу жана эркиндиги камсыз болушу зарыл.

Билимдин негизинде экономикалык өнүгүүгө жетишүү, өлкөнү өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн "Жол картасы" болуп калууга тийиш деди. Мындан сырткары, Сапар Исаков мамлекет башчыга Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзам долбоорлоруна президенттин аппараты тарабынан жасалып жаткан экспертизалар тууралуу айтып берди. Андан тышкары өлкөнүн стратегиялык максаттагы маанилүү иш-чараларын ишке ашыруудагы мамлекеттик органдар менен бирге кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берди.