POST1RIGHTКазакстанда коомдук жайларда хиджаб кийип жүрүүгө тыюу салган мыйзам долбоору талкууланып жатат. Бул туралуу өлкөнүн жарандык коом жана дин иштери боюнча министри Нурлан Ермекбаев билдирди.
Мындай аракет коомдогу коопсуздукту камсыз кылуу жана улуттук маданий каада салтты сактап калуу максатында көрүлүп жатканын айткан министр, мыйзамга өзгөртүү киргизүү жарандык коом тарабынан демилгеленип жатканын айткан. Учурда мыйзам долбоору эксперттердин жана коомчулуктун талкуусунда.