POST1LEFTБаткен районундагы Төрт-Күл суу сактагычына суу алып кирчү канал адам өмүрүнө кооптуу болуп жатат. Бирок кырсыктардын алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик эч нерсе жасаган жок. 2015-жылы канал 14 адамдын өмүрүн жалмаса, былтыр 7 адамды суу алып кетип каза болгон. Ал эми быйыл жыл башынан бери 7 адамды каналдагы суу агызып кеткен. Кырсык каналдын жээги тосулбагандыктан улам келип чыгууда дешет жергиликтүү тургундар.
POST2RIGHTТилек Султанов 2 жыл мурун күлгүндөй жаш кызынан айрылган. 19 жаштагы Гүлсовгар курбулары менен үйлөнүү үлпөткө барып, ысыкта каналдан бетин жууйм деп колун салганда суу тартып кеткен. Тагдырдын сыноосуна моюн сунган ата коопсуздук чаралары колго алынса, мындан ары да бир нече адам өмүрүн сактап калса болот дейт.
“Жергиликтүү бийлик ушул каналдарды жаап же тосуп койсо болот да. Кыйла адам өмүрү сакталат эле. Кызым агып кетти эми башкалар агып кетпесе экен деп ойлойм”,- дейт Баткен районунун тургуну Тилек Чоноров.
Стратегиялык маанидеги жолдун жээги тосулган эмес. Мисалы бул жердеги жолдун аралыгы 1 метрди түзөт. Мен азыр жолдун чукул кайрылган жеринде турам, ушундай жерлерден айдоочу унаасын башкара албай калып түшүп кеткен учурлар катталган.
Ош-Баткен-Исфана каттамында бойлой кеткен каналдын узундугу 19 чакырымга созулат. Мындан 10 күн мурун бир айдоочу каналга агып кетип, өмүрү менен кош айтышкан. Ачык жаткан агымы катуу канал жакын жайгашкан айыл тургундарын дагы кооптондурат.