Бишкекте эл аралык байланышты чыңдоого арналган конференция өтүүдө
Новость KTRK/videograp

Бишкекте эл аралык байланыш ассоциациясынын 34-эл аралык конференциясы башталды. Иш-чара Борбордук Азиядагы Америка университетинин имаратында 6-августка чейин уланат. Ага 33 мамлекеттен жүздөн ашык коммуникация жаатындагы адистер катышып, маданият, илим-билим, каада-салт, геосаясат, дүйнөлүк элита жана иммиграция сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланат. Мыкты бандамачыларга атайын сыйлыктар каралган. 

Конференциянын негизги максаты - эл аралык байланыш ассоциация жана дүйнөдөгү алдыңкы делген эл аралык университеттер менен тыгыз байланыш түзүү. Уюштуруучулардын айтымында, коммуникация, журналистика жана жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы бийик деңгээлдеги академилык иш-чара Борбор Азияда алгачкы жолу өткөрүлүп жатат.