Жол кыймылынын эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилет
Новость

POST1RIGHT

Балдардын коопсуздугу. Мына ушул тема азыр коомчулуктун көөдөнүндө турат. Дегенибиздин себеби, жолдон өтүп бара жаткан балдарды унаа сүзүп кеткен учурлар көп катталууда. Эми Калктуу аймактарда унаанын ылдамдыгы 50 чакырым сааттан ашпагандай кылып чектелет. Ал эми мектеп, бала бакчалардын жанында андан да аз - саатына 30 чакырым болгону туура. 

Мына ушундай өзгөртүүлөр жол кыймылынын эрежелерине киргизилгени турат. Коопсуздук кеңеши “Жол кыймылынын коопсуздук чараларын жогорулатуу жөнүндөгү” документти кабыл алды. Андагы дагы бир негизги тапшырма - видео тасмага түшүрүүчү жабдыктарды орнотуу болмокчу. 

Кыргызстандын жолдорунда унаа кырсыктары дээрлик күн алыс орун алып, ал адам өлүмү менен коштолгону көндүм болуп бараткандай. Муну эртерээк алдын албаса алдыда дагы кандай окуялар күтүп турганын айтуу кыйын.

2000-жылдан баштап 2017-жалгы чейин өлкөдө 81 313 жол-транспорт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 16 723 адам каза болгон. 111 191 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Аталган мөөнөттө ар бир бешинчи жол кырсыгында 2 103 бала каза болуп, 18 173 бала жаракат алган. Жыл сайын унааны мас абалында башкарып жана жол кырсыктарына кабылган айдоочулардын саны өсүүдө.