Ташталган ымыркайдын абалы учурда туруктуу
Новость

POST1RIGHT

Дааратканага ташталган ымыркайдын абалы туруктуу. Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбековдун айтуусунда, ымыркайга сүт бериле баштады. Ал жандандыруу бөлүмүндө. 

Эске сала кетсек, 31-июлда борбор калаанын Арча-Бешик жаңы конушундагы дааратканага жаңы төрөлгөн бала ташталган. Аны кошуналар алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Наристенин салмагы 3,4 кг экени маалымдалды.

Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков билдиргендей, учурда ымыркайдын абалы жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Ушул убакытта ымыркай кызды төрөп, таштап качып кетти деп шектелген аял изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат-катчысы Адыл Оморов маалымдалды. 

Учурда бул иш боюнча "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө тобу иш алып барууда. Ушул убакытка чейин окуя болгон жердин тегереги сураштырылган, анда кош бойлуу келиндер жок болуп чыккан. Оорукана, бейтапканалардын баарында текшерүү жүрүп жатат деп билдирди Бишкек милициясы. Ушундай эле окуя Бишкекте бир нече жыл мурда кышында катталган. Аман калган ымыркайды кийин башкалар асырап алышкан. Энеси кармалып, жоопко тартылган.
“Изделип атат, Кылмыш кодексинин 101 беренси менен иш козголду”,- деп билдирди Бишкек ШИИБнын маалымат катчысы Адыл Оморов.